Жаңылыктар
Байкоочулар Кеңеши жыл ичиндеги аткарылган ишке канааттандыраарлык деген баа беришти
УТРК жаңылыктары
Байкоочулар Кеңеши жыл ичиндеги аткарылган ишке канааттандыраарлык деген баа беришти

Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу Кеңешинин мүчөлөрү КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун бир жыл ичинде аткарган ишине канааттандыраарлык деп баа берди. Илим Карыпбеков 2015-жылдын 6-февралында КТРКнын башкы директорлук кызматынын милдетин аткаруучу болуп иштей баштаган. Бир айдан кийин Байкоочу кеңештин мүчөлөрү аны башкы директор кылып бекиткен. 

Бир жыл аралыгында Коомдук каналды ар тараптан жакшыртууга байланышкан, айлыкты көтөрүү үчүн кызматкерлерди толук штатка которуу, корпорация имаратын оңдоо сыяктуу бир катар иштер аткарылды. Ошондой эле, өткөн жылы КТРКнын өздүк каржы булактары да көбөйгөн. 

Маселен каражат 260 миллион сомго көп түшкөн. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү аткарылган иштерге канааттануу менен кемчиликтерге да токтолду. Эми бир жумадан кийин КТРК директорунун мындан аркы пландары талкууга алынат.

Кененирээк Мээрим Бакир кызынын материалында: