Жаңылыктар
Учак кырсыгы: Рахманов оор жаракатынан улам көз жумду
Кырсык
Учак кырсыгы: Рахманов оор жаракатынан улам көз жумду

Учак кырсыгынын кесепетинен каза тапкандардын саны 39 кишиге жетти. 16-январда Чүй облусунун Дача СУ айылындагы учак кырсыгында өрттөн оор жаракат алган 29 жаштагы Сагынбек Рахманов каза болду. 

Ал 21-январдан 22-январга ооган түнү кайтыш болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Авиакырсыктан жабыркаган калган жарандардын абалы жакшы, баарына психологиялык жардамдар көрсөтүлүп жатат дешет жарандар. Ошондой эле кайдыгер карабаган мекендештер ооруканага келип жардам көрсөтүүнү улантышууда. 


Айттырбай келген каргашалуу кырсыктан улам, Сагынбектин денеси 45 пайыз күйүп, ооруканага жетикирилген. Ал учурда Сагынбектин аталаш агасы, Маматжан Чодонов ооруканада аны менен бирге болгон. Агасынын айтымында, Сагынбек өзүнө келген учур болгон. Бирок дароо эле каза болгон уулдары менен жубайын сурап баштаган.
Эми гана 29га чыгып, каза болгон мекендешибиздин жаназасын облус казысы түшүргөндөн соң , маркум Сагынбектин сөөгү өзүнүн туулуп өскөн, Курулуш айылындагы көрүстөгө балдарынын жана жубайынын жанына коюлду. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"