Жаңылыктар
Каралаев тууралуу тасма 2017-жылы коомчулукка тартууланат
Маданият
Каралаев тууралуу тасма 2017-жылы коомчулукка тартууланат

Кыргыз-совет акыны жана айтылуу манасчы Саякбай Каралаев тууралуу тасма 2017-жылы коомчулукка тартууланат.

 Аталган фильмди мамлекеттик буйрутма менен белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаров тартып жатат. 

Буга атайын 100 миллион сом каралган. Тасмадагы 90 пайыз кадрлар Ысык-Көл жергесинен алынат.

Эске сала кетсек, буга чейин кыргыз киночулары мамлекеттик буйрутма менен тарыхый “Курманжан Датка” тасмасын жаратышып, бир катар эл аралык сынактарда баш байгелерди багындырып келет.

Белгилей кетсек, режиссер Эрнест Абдыжапаров баштаган чыгармачыл топ 27-августтан баштап тасманы тартуу иштерин баштаган. Манасчы тууралуу бул фильм 2017-жылы тартылып бүтүп, коомчулукка тартууланмакчы.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"