Жаңылыктар
АКШ менен Россиянын мамилеси оңолобу?
Дүйнө
АКШ менен Россиянын мамилеси оңолобу?

АКШнын 45-президенти Дональд Трамп борбор калаасында  ант берип, расмий түрдө кызматка киришти. Ал Американын зоболосун көтөрөм деп убада берди. Ошол эле маалда  Трамп  бийлик элге кайрымдуу боло турганын баса белгиледи. Эң кызыгы АКШнын жаңы президенти ант берип жаткан учурда ага каршы Вашингтондо нааразылык демонстрациялары өттү. 

АКШнын жаңы президенти Россия менен мамилесин оңдой турганын айткан. Бирок  ал иш-жүзүндө Россияга каршы санкцияларды алып салууга күчү жетеби деген суроо жаралат. Анткени жогоруда айтылган санкциялардын кесепети Кыргызстандын экономикасына  тийип жатат.

Ошол эле маалда Трамп чынында эле ДАИШти талкалоо үчүн Москва менен Дамаск жана Тегеран бириге алабы деген суроого  көпчүлүк эксперттер жооп издөөдө.Себеби Афганистан жана Ирак менен Сириядагы террордук топтор Кыргызстанга коркунуч жаратууда.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов.Тааныштырган Сүймөнкул Идирисов "Биринчи радио"