Жаңылыктар
Өлкөдө айыл жана шаар башчыларын тандоо өнөктүгү өтүүдө
Саясат
Өлкөдө айыл жана шаар башчыларын тандоо өнөктүгү өтүүдө

Бүгүн дагы бир шаар жана 26 айыл өкмөт башчы шайланды. Буга чейин Бишкек шаар башчысын кошкондо 4 шаар мэри менен 19 айыл өкмөтүнүн башчысы тандалган болчу. Жалпы 411 жергиликтүү өзүн өзү башкаруу башчысы шайланмакчы.

Шайлоодо талапкерлер жаңы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын элегинен өтөт. Бирок мыйзамда жазылбаган жагдайларды өз пайдасына чечүүгө аракет кылган талапкерлер да чыгышы ыктымал. Мисалы, кылмыш тобунун мүчөсү бийликке умтулушу мүмкүн. Өтө оор кылмыш кылып, соттолгондугун алдырып салып деле ат салышып жаткан көрүнүш бар. Буга чейин жөндөмдүүлүгү начар, иш кагаздан кабары жок, өз ишин өздөштүрө албаган атка минерлердин бети да ачылган.

Шайлоолор февраль айынын башына чейин созулат. Бирок баардык жерде таза жана мойнуна жүктөлгөн милдетти көтөрчү талапкерлер келээри суроо жаратат.