Жаңылыктар
Айрым пансионаттар электр энергиясы үчүн акча төлөшкөн эмес
Экономика
Айрым пансионаттар электр энергиясы үчүн акча төлөшкөн эмес

Ысык-Көл районундагы эс алуу жайларына быйылкы жылы акылдуу электр эсептегичтери орнотулган. Анын жыйынтыгы менен электр энергиясын уурдап жаккандарга бөгөт коюлду десек болот. Бирок айрым эс алуу жайлары мурдагы энергияга болгон карыздарын жойбой келет. Азыркы тапта анын көлөмү 36 милион сомго жакын болуп турат. 

Айрым пансионаттар жайкы убактагы акыркы бир айда керектеген электр энергиясы үчүн акча төлөбөй качып кеткендери бар. Ал эми карыздары жүз миңдеген каражат.

Пансионаттардын электр энергиясына болгон карыздары боюнча тизмелер азыр жүз миӊ сомдон жогоруларынын айрымдары гана көрсөтүлдү. Ал эми жүз миӊге чейинки карыздары бар эс алуу жайлары ондоп саналат. Алардын катарында мамлекеттик эс алуу жайлары да бар.