Жаңылыктар
Балыкчы-Корумду жолу: жумушчуларга айлык төлөнбөй жатат
Экономика
Балыкчы-Корумду жолу: жумушчуларга айлык төлөнбөй жатат

Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолунда иштеген жумушчуларына 3 айдан бери айлык акы төлөнбөй келет. Бул тууралуу маалымат жыйында Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңешинин депуттары, тургундар жана жолчулар билдирип чыкты. 

Жол толугу менен жасалбагандыктан жергиликтүү элдин турмушуна тоскоолдук жаратып келет. Эгер эрте башталып, унаа жолдун курулушу бүтпөсө, быйыл да туристик сезонго таасирин тийгизет дейт тургундар. Ал эми Транспорт жана жол министрилиги “Лонг Хай” компаниясы карыздарын эсептөө иштерип жүргүзүп жаткандыктан куруучулардын айлык акысы берилбей жатканын айтат.  

Эске салсак, Бишкек- Балыкчы-Корумду унаа жолун салуу үчүн тендерди Кытайлык “Лонг Хай” компаниясы утуп алаган. 2015-жылы ноябрь айынан тарта куруу иштери башталган. Ысык-Көлдү толугу менен айланта унаа жолдорун оңдоп, 2018-жылы толугу менен аягына чыгышы керек.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"