Жаңылыктар
Кыргызстанда чечим чыгаруучу кызматтарда аялдардын орду канчалык?
Саясат
Кыргызстанда чечим чыгаруучу кызматтарда аялдардын орду канчалык?

Дал ушундай маселенин тегерегинде “Жарандык укуктук союзу” жана “Аялдардын демократиялык тармагы” уюмдарынын мүчөлөрү талкуу жүргүзүштү.

Жакында эле өткөн жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоолордо да аялдар аз шайланган. Бүгүнкү күндө 86 айылдык кеңештерде бир да аял депутат жок. 

Муну гендердик эксперттер жер-жерлердеги социалдык маанидеги билим берүү, балдардын көйгөйү, үй-бүлөдөгү зордук зомбулукка байланышкан маселелер көтөрүлбөй калуу коркунучу бар деп коңгуроо кагышууда.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча эксперттер аялдардын саясий айдыңга тартылбай калышына мотивациянын жоктугу да себеп болгонун белгилешет. 

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"