Жаңылыктар
Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталды
Саясат
Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталды

23-январда Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Казакстандын  тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жыйын жабык  эшик артында өтөрүн билдиришип, Сирия  боюнча сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүүгө, чакырылган  тараптарга  Казакстан нейтралдуу өлкө катары тандалып алынгандыгын кабарлашты. Сүйлөшүүлөр Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Стеффан де Мистура, Дамасктын расмий өкүлдөрү  жана  Сириянын  оппозиция  өкүлдөрү ортосунда жүргүзүлөт. 

АКШ иш чарага  эл аралык байкоочу катары  чакырылды. Астанада өтүп жаткан диломатиялык  байланыштар  22-январь күнү башталып, Россиянын делегациясы БУУнун  атайын өкүлү, Сириянын өкмөтү жана оппозиция  өкүлдөрү  менен  жолугушууларды  өткөрүштү. Дипломаттар жолугушуулар  чыңалуу  менен өтүп жаткандыгын белгилешип, бирок каршылаш тараптарда  оптимисттик көз караштар сакталып тургандыгын айтыштууда. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"