Жаңылыктар
Дача СУ: учактын айрым бөлүктөрүн изилдөө үчүн АКШга жөнөтүлөт
Кырсык
Дача СУ: учактын айрым бөлүктөрүн изилдөө үчүн АКШга жөнөтүлөт

Дача СУ кыштагына кулаган “Боинг 747” жүк ташуучу учагынын айрым бөлүктөрүн изилдөө үчүн Америка Кошмо штаттарына жөнөтүлөт. Бул тууралуу өлкөнүн транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, азыркы учурда “Манас” аэропортунун аймагына жайгашкан ангарга учактын сыныктары чогултулуп, анын моделин түзүү аракети көрүлүүдө. Андан айрым бир бөлүктөрү эл аралык авиация комитетинин адистеринин коштоосунда АКШга жөнөтүлмөкчү. Мындан сырткары, министрликтен маалым болгондой, кыйроого учураган “Боинг 747нин” кара кутулары Москвада окулуп, андан маалыматтар алына баштады. 

Бирок иликтөөлөрдүн жыйынтыгы чыкканга чейин кара кутудан алынган маалыматтар ачыкка чыгарылбайт. Буга чейин анын алгачкы жыйынтыгы боюнча “кара кутуда” кырсык маалындагы маалыматтар бар экени айтылган. Учурда кырсык болгон жерде учактын сыныктарын чогултуу жана таштандыларды чыгаруу иштери уланууда. Аймак дагы деле күч органдары тарабынан көзөмөлдөнүүдө.