Жаңылыктар
Тоолуу аймактарда кар көчкү атайылап түшүрүлөт
Өзгөчө кырдаал
Тоолуу аймактарда кар көчкү атайылап түшүрүлөт

Тоолуу аймактардагы автоунаа жолдорунда кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. 

Жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу жаралгандыктан көчкүнү атайылап түшүрүү тапшырмасы берилген. 24-январдан 30-январга чейин Бишкек - Ош унаа жолунун 132-137, 198-265-чакырымдарында жана Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун 65-100 чакырымдарында кар көчкүсүн атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. 

Иш-чараны ӨКМдин ыкчам тобу жетектейт. 

Мекеме бул тоолуу участкалар менен жол жүрүүдөн баш тартууну сунуштайт.