Жаңылыктар
Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматов дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматов дүйнө салды

Акын, драматург Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматов узакка созулган оорудан кийин 66 жашында дүйнө салды. Эрматов Кадамжай районундагы Пум айылында 1951-жылы 10-июлда туулган. Акын «Шаар жана тоолук», «Өмүр издери», «Туяктын ыры», «Саймалуу таш», «Махабат», «Исфайрам авазы» аттуу ыр китептердин, "Аксаткын менен Мырза уул" драмалык чыгармасын, «Мухаммед пайгамбар» деген дастанды жазган. 

Чыгармаларынын жети томдугу жарык көргөн. 2010-жылы Социал-демократиялык партиядан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2013-жылдан былтыркы жылдын аягына чейин Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп эмгектенген.