Жаңылыктар
28-мартта Кыргызстан-Макао курамалары беттешет
Спорт
28-мартта Кыргызстан-Макао курамалары беттешет

Азия Кубогунун тандап алуу беттештеринде Кыргызстан курамасы "А" тайпасына туш болду. Кечээ Абу-Даби шаарында чүчү кулак ташталып, 24 команда 6 тайпага бөлүндү. Анын жыйынтыгында, курамабыздын атаандаштары Индия, Мьянма жана Макао командалары болду.

Кошумчалай кетсек, бул беттештерде тайпадан 1-2-орунду алган курама командалар 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган финалдык баскычка жолдомо алышат.

Тайпалардагы беттеше турган курамалар:

"А": Кыргызстан, Индия, Мьянма, Макао.

"В": Түндүк Корея, Гонконг, Ливан, Малайзия.

"С": Иордания, Вьетнам, Ооганстан, Камбоджа.

"D": Оман, Палестина, Мальдив аралдары, Бутан.

"Е": Бахрейн, Түркмөнстан, Тайбэй, Сингапур.

"F": Филиппин аралдары, Тажикстан, Йемен, Непал.