Жаңылыктар
Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылды
Кылмыш
Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылды

Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча Базар-Коргон райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калды. Мындай чечимди Аскаровдун ишин карап жаткан Чүй облустук соту чыгарды. Соттук териштирүүдө судьялар бул иш боюнча күбөлөрдүн, жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү ырасталып, Аскаровдун күнөөсү аныкталганын белгилешти. 

Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан, башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин соттолгон. 

Өткөн жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгуу сунушун киргизген. Мындан улам ишти кайра териштирүү Чүй облустук сотуна берилген.