Жаңылыктар
Жээнбеков Эл аралык авиациялык комитеттин өкүлү менен жолугушту
Кырсык
Жээнбеков Эл аралык авиациялык комитеттин өкүлү менен жолугушту

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 16-январда болгон авиакырсыктын себептерин иликтеп жаткан Эл аралык авиациялык комитеттен келген Леонид Каширский менен жолугушту. 

Эскерте кетсек, Каширский кырсыктын себебин иликтеген комиссиянын төрагасы. Ал - премьер менен жолукканда авиациялык комитеттин эксперттери авиакырсык болгон жерде кыйроонун себептерин иликтөөнүн жыйынтыктоочу баскычын жүргүзгөндүгүн жана жакын арада кыргыз коомчулугуна толук маалымат берилээрин билдирди. Комиссиясы мындан аркы иликтөө ишин Бишкекте улантат.