Жаңылыктар
Франциядагы эл аралык фестивалга Кыргызстандын атынан эки тасма көрсөтүлөт
Маданият
Франциядагы эл аралык фестивалга Кыргызстандын атынан эки тасма көрсөтүлөт

Францияда өтө турган Азия киносунун эл аралык фестивалына Кыргызстандын атынан эки тасма көрсөтүлөт. 

Мындай маалыматты Кинематографияны колдоо фондунан билдирди. 

Маалыматка ылайык, 23-жолу уюштурулуп жаткан сынакта Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" жана Адилет Каржоевдин "Рахмат, дарыгер!" тасмалары көрсөтүлөт. Жалпысынан, бул конкурска 90 фильм катышат. 

Сынакта Каржоевдин фильми даректүү тасма конкурсуна катышса, Абдыкалыковдун тасмасы "Азиянын кино жүздөрү" программасында күч сынашат. 

Белгилей кетсек, 2003-жылы бул фестивалга катышкан Марат Сарулунун "Алтын кыргоол" тасмасы баш байгени жеңип алган.