Жаңылыктар
Кыйраган "Боинг - 747" учагынын калдыктары тазаланууда
Өзгөчө кырдаал
Кыйраган "Боинг - 747" учагынын калдыктары тазаланууда

Дача конушуна кулаган "Боинг - 747" учагынын калдыктары тазаланып бүттү. Эми турак-жайлардын урандылары чыгарыла баштайт. Ал эми жабыркагандарга жардам берүү үчүн түзүлгөн бирдиктүү эсепке чогулган акча комиссиянын чечими менен бөлүштүрүлөт. 

Дача конушунда учактын калдыктары калган жок. Бардыгы техниканын жардамы менен майдаланып, аэропорттун ангарына ташылды. Жалпысынан, окуя болгон жерден 21 унаа чыгарылды. Бирок учактын металдарын майдалоодо кыйынчылык жаралды. Анткени кыйраган самолет өтө чоң жана темирлери көлөмдүү болгондуктан кесүүчү жабдык жоктугунан талкалап салууга туура келген.
Каргашадан жыйырмадан ашык турак-жай тыптыйпыл болгон. Жарака кеткендерине комиссиянын чечими менен жаардам көрсөтүлөт. Такыр үй-жайсыз калган үч үй-бүлөнүн маселеси да жакын арада чечилет. Ал эми бирдиктүү эсепке чогулган акча атайын комиссиянын чечими менен бөлүштүрүлөт.
 24-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан банктык эсепке чогулган акчанын көлөмү 24 миллион сомдон ашты. Эсеп дагы бир айдай жардам акчаны кабыл алат.