Жаңылыктар
Нарын облусунун 2016-жыл жыйынтыктары
Аймак
Нарын облусунун 2016-жыл жыйынтыктары

Нарын облусунундагы бир катар жетекчилерге сөгүш берилди. Буга мерчемделген иштер тийиштүү деңгээлде аткарылбаганы себеп болду. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев катышкан жыйында Нарын облусунун 2016 жылдагы социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылды. Анда ийгиликтер менен бирге эле кемчиликтер да ачык айтылды. 

Жакындагы эле авиакырсыктан каза болгондорду аза күтүп эскерүү менен башталган Нарын облусунун коллегиясында билдирилгендерге таянсак, жыл ичинде өнөр жай продукциясын өндүрүү 118,3, айыл чарбасыныкы 101,1 пайызды түзгөн. Антсе да, республиканын Президентинин «2013-2017-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясына» кирген улуттук инвестициялык долбоордун жетисинин бирөөндө гана жумуштар бүткөрүлгөн. Ошондой эле оор ахыбал көмүр казуу ишканаларында да өкүм сүрүп, калкты отун менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган.
Облустун өнөр жайынын локомотивинен саналган мына ушул өндүрүш обьектилеринин мындай кош көңүл мамилелеринин кесепетинен жергилктүү да, республикалык да бюджеттерге күтүлгөндөгүдөй кирешелер түшкөн эмес. Мындай кемчилик айыл чарбасында да орун алып, фермерлердин колунда алигиче асыл тукум малдын жоктугу кайдыгерликтен кабарлайт.
Тилекке каршы, климаттык шартынын катаалдыгы негизги себеп болгон Нарын облусун дотациядан чыгаруу багытында азырынча купулга толоорлук аракеттер байкалбайт.
Негизинен мына ушундай иштиктүү сунуштар басымдуулук кылган Нарын облусунун коллегиясында адаттагыдай эле ишти артка тарткан жетекчилерге эскертүү, сөгүштөр берилди. Бирок, алардан майнап чыгып, абал жакшырабы, маселе мына ушунда.