Жаңылыктар
Сирияга тынчтык орнотууга мүмкүнбү?
Дүйнө
Сирияга тынчтык орнотууга мүмкүнбү?

Сирия боюнча Астана тынчтык сүйлөшүүсү жыйынтыкталды. Анын жүрүшүнө кызыктар өлкөлөр, саясий күчтөр кылдаттык менен назар салып турушту. Иш чараны уюштурган үч кепил өлкө Орусия, Иран жана Түркия Сириядагы ок атышпоо келишимин көзөмөлдөгөн механизм түзүү чечимине келишти.

Казакстандын борборунда өткөн эки күндүк сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тынчтыктын сакталышына көз салуудан тышкары демилгечи үчтүк өлкө түрдүү чагымчыл аракеттердин алдын алууга да аракеттенет. 

Ок атышууну биротоло токтотууга алып келе турган шарт-талаптарды аныктайт.

Кийинки сүйлөшүү Бириккен Улуттар Уюмунун көмөгү менен 8-февралда Женевада өтөт. 


Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"