Жаңылыктар
Кыргызстандын мал чарба продукциялары Россиянын рыногуна чыгат
Экономика
Кыргызстандын мал чарба продукциялары Россиянын рыногуна чыгат

Бул туурасында Бишкек шаарында өткөн тегерек столдо вице-прмьер министр Олег Панкратов билдирди. EАЭБке кирген өлкөлөрдүн аудиторлору декабрь айында келген сапарында Кыргызстандагы ветеринардык абал суроо- талапка толук кандуу жооп берет деген кортундуга келишкен. EАЭБтин реестрине кирген 18 фирманын мал чарба азыктары үчүн Россиянын рыногу жеткиликтүү болду. Биримдиктин алганда Казакстан автомобил жана темир жол транзити менен камсыздоо милдетин алды.   

Үстүбүздөгү жылдын август айында Кыргызстандын EАЭБтин өткөөл мезгили үчүн алган жеңилдиктери аягына чыгат. Жергиликтүү эсперттердин айтымында ишкерлерге техникалык регламенттин талаптарын аткаруу кыйындык жаратат. Ошондой эле логистикалык борборлорду, лабораторияларды курууну ыкчамдатуу зарылдыктары келип чыгууда. Деген менен EАЭБтин курамында болуу мигранттар үчүн бир катар жеңилдиктерди алып келген. Социалдык көйгөйлөрдөн улам мигранттар массалык түрдө  Россиянын жарандыгын алып баштаган. Курч турган  бул маселе четтетилди деп белгилешкен эксперттер. EАЭБ  өдүрүштүн  жандануусуна түрткү болгонун айтып келишет.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"