Жаңылыктар
Жаш балдарды катуу суукта жеңил кийимчен иш-чарага катыштыргандар териштирилет
Кыргызстан жаңылыктары
 Жаш балдарды катуу суукта жеңил кийимчен иш-чарага катыштыргандар териштирилет

Кечээ, 11-февралда  Алай районунун  Жаңы-Арык айылындагы балдар бакчасынын ачылуу аземине жеңил кийимчен жаш балдарды катыштырып, кыштын катуу суугуна тоңдуруп, чиновниктерди тосуп  алышкан. Азем учурундагы тартылып алынган сүрөттөр интернет булактарына жарыяланып, коомчулукта бир катар пикирлерди жараткан. Чынында Алай жергесинин жука кийим эмес, жылуу тончондорду тоңдурган суугунда мындай жагдайды элестетүү кыйын.

 Окуядан кабардар болгон премьер-министр Темир Сариев балдарды суукка тоңдуруп, жука кийимчен  турууга мажбурлагандарга карата тиешелүү чара колдонууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Мен мамлекеттик маанидеги жана балдардын майрамдарынан тышкаркы учурда, жаш балдарды кандайдыр-бир иш-чараларга катыштырууну токтотуу тууралуу бир нече ирет билдиргем. Мындан тышкары, Билим берүү жана илим министрлиги тараптан балдарды жана мектеп окуучуларын расмий иш-чараларга пайдаланууга тыюу салууга буйрук болгон. Буга байланыштуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиевага мындан ары, ушуга окшогон окуялар кайталанбашы үчүн аталган фактыны тыкыр иликтеп чыгуусун тапшырам», – деп билдирди Премьер-министр Темир Сариев.