Жаңылыктар
2017-жылы 4585 кыргызстандык ажылык сапарга аттанат
Дин
2017-жылы 4585 кыргызстандык ажылык сапарга аттанат

Быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу ажылыкка 900 квота көп берилди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, бул жылы 4585 кыргызстандык ажылык милдетин аткара алат. 

Мындай чечим муфтий Максат ажы Токтомушевдин Сауд Аравиясынын Ажылык министринин орун басары шейх Хусейн Шариф менен эки тараптуу жолугушудан кийин кабыл алынган. Быйылкы ажылыкка даярдануунун алкачкы аракеттери башталды. Ажыга барууну каалагандар аймактарда онлайн же жандуу кезекке туруп каттоодон өтө алышат. Андан сырткары атайын иштелип чыккан "Ажылык-2017" мобилдик тиркемесинин жардамы менен жарандар быйылкы ажылык сапарга байланыштуу маалыматарды ала алышат.