Жаңылыктар
Учак кырсыгы тууралуу жаны маалыматтар
Кырсык
Учак кырсыгы тууралуу жаны маалыматтар

Кыйраган учактагы жүк Стамбулга баратканын жана ал Бишкектен май куйбаса Түркияга жетмек эместигин маалымат жыйынында эл аралык авиациялык комитеттен келген комиссиянын төрагасы Леонид Каширский билдирди. Учактагы 85 тонна жүк менен Гонконгдон Стамбулга түз учуп барууга мүмкүн эмес экенин, ошондуктан Бишкектен май куюу зарыл болгонун кошумчалады. Кырсыкты иликтөөгө алган адистердин айтымында, кулаган "Боинг " автоматтык жол менен конууга аракет кылган.

Ал эми иликтөөнүн жүрүшүндө, экипаж менен “Манас” аэропортунун диспетчерлеринин сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат алынган. Анда учактын техникалык бузулуусу тууралуу эч кандай маалымат жазылган эмес, болгону учкучтар акыркы жолу Бишкектеги аба-ырайы тууралуу сурашкан. Ушул күндө иликтөө иштери уланууда. Комиссия мүчөлөрү учак кырсыгынын себептерин иликтөөнүн жыйынтыгы төрт айдан алты айга чейин созуларын билдиришти.