Жаңылыктар
Аскаровдун жактоочулары Жогорку сотко кайрылат
Кылмыш
Аскаровдун жактоочулары Жогорку сотко кайрылат

Азимжан Аскаров кайрадан өмүр боюу абакка кесилди. Тактап айтканда, 24-январда өткөн соттук отурумда Чүй облустук соту укук коргоочу Азимжан Аскаровду “милиция кызматкерин өлтүрүүгө жана 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө массалык башаламандыкты уюштурууга күнөөлүү” деп тапкан Жогорку Соттун өкүмүн күчүнө калтырды. Өкүм бир жарым саат окулуп, ага эл аралык уюмдар, чет элдик элчиликтердин өкүлдөрү, укук коргоочулар жана Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү көз салып олтурду. Аскаров отурумдун соңунда ачкачылык жарыялай тураганын билдирди. 

Окуянын чоо жайын эске салсак. Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда милициянын кызматкерин ырайымсыздык менен ɵлтүрүүгɵ катыштыгы бар деген кине менен өмүр боюну эркинен ажыратылган. Анда 2010-жылдагы коогалаңда куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топко түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен. Ал эми Аскаровдун жактоочулары Жогорку сотко кайрыла тургандыктарын кабарлашты.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"