Жаңылыктар
Президент билим берүү жана илим министрин кабыл алды
Билим
Президент билим берүү жана илим министрин кабыл алды

 Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкө мектептеринде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле жогорку окуу жайлар тармагын оптималдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Кудайбердиева Президентке ошондой эле «2015-2024-жылдарга карата Кыргызстандагы коопсуз мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары» программасын жүзөгө ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө да айтып берди. Президент өлкөдө мектептерди куруу жана оңдоо боюнча комплекстүү иш, биринчи кезекте бул максатка бөлүнүп жаткан бюджеттик каражаттарды адилеттүү бөлүштүрүүнү жана аларды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылышы керек экенин баса белгиледи.