Жаңылыктар
Жаңы конуштарды өнүктүрүү багытындагы иштер жанданат
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы конуштарды өнүктүрүү багытындагы иштер жанданат

 Быйыл Мурас-Ордо, Калыс-Ордо жана Ак-Ордо конуштарында мектептер бүткөрүлүп, шаардагы жолдор салынып, мыйзамсыз курулуштар тартипке келтирилип жана коомдук транспорт паркы жаңыланганы турат. 

Бул жумуштар менен бирге да шаарды өнүктүрүү багытындагы иштер жигердүү кол алынат. Мындай ойлор Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдагы жыйынтыктары боюнча өткөн коллегияда айтылды. Анда шаар райондорунун жетекчилери былтыр аткарылган жумуштар жана 2017-жылга белгиленген иш аракеттердин планы тууралуу маалымат беришти. Маалым болгондой былтыр эң ири долбоор катары Кытайдан гранттык негизде бөлүнгөн каражатка Бишкек шаарынын Патриса Лумумбы, Дэн Сяопин көчөсүнөн Талдысуу көчөсүнө чейинки, Гагаринден Бах көчөсүнө чейинки жол жана Орозбеков, Киев менен Токтогул көчөсүнө чейинки жолдор оңдолду.