Жаңылыктар
Баткен: окуучулар аскер турмушу менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: окуучулар аскер турмушу менен таанышты

Улуттук гвардиянын Баткен шаарындагы ыкчам багыттагы аскер бөлүгү орто мектептердин жогорку классынын окуучуларына эшигин ачты. Окуучулар аскер турмушу жана аскердик курал жарактардын түрлөрү менен таанышышты. Иш чара аскер бөлүктүн жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, өспүрүмдөрдү мекенди сүйүүгө тарбиялоого багытталды.

Аскер бөлүккө келген окуучулар алгач катардагы жоокерлердин эрте мененки көнүгүүсүн жана курал менен атайын саптык ыкмаларын көрүштү. Андан соң курал-жарактардын түрлөрү жана оор аскер техникалары менен таанышып чыгышты. Окуучулар буга чейин аскер куралдары тууралуу мектепте аскерге чейинки даярдык сабагынан окуган болсо , бүгүн алар кенен маалымат алып, ар бирин кармап көрүштү.

Мектеп окуучуларынын арасында келечекте аскер кызматчысы болууну максат кылгандар да бар. Учурда кыргыз армиясынын катарын толуктап, аскерде кызмат кылууга умтулган жаштардын саны арбын. Бүгүнкүдөй иш чара аркылуу окуучулар аскер турмушун көрүп, үйрөнүүсү алардын келечеги үчүн пайдалуу дешет.

Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында жаштар арасында патриоттуулукту, болочок мекен сакчысы катары тарбиялык иш-чараларды жүргүзүү максатында Баткен районунун аймагындагы мектеп окуучулары чакырылган. Уюштуруучулардын айтымында мындай иш чаралар өспүрүмдөрдү мекенди сүйүүгө тарбиялоо менен мындан ары аскердик билим алуусуна шарт түзөт.

Улуттук гвардиянын 707 аскер бөлүгү 1997 жылы алгач Баткен шаарында рота, андан кийин батальон катары негизделип азыркы күндө өзүнчө аскер бөлүк болуп кайра түзүлгөн. Анын өздүк курамы мамлекеттик маанидеги стратегиялык объектилерди коргойт жана кайтарат.