Жаңылыктар
Дача СУ конушунда тазалоо иштери улантылууда
Кырсык
Дача СУ конушунда тазалоо иштери улантылууда

Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттык сактоо министрлери жана Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси бүгүн Дача конушунун тургундары менен жолукту. Жолугушуудан кийин алар авиакырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча жасалып жаткан иштер менен таанышты. 

Учак кырсыгы болгон аймакты тазалоо иштери аяктай элек. Ушул күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, экологиялык жана техникалык инспекциянын кызматкерлери кесепеттерди жоюу, төгүлгөн авиакеросиндин калдыктарынан арылтуу аракеттерин жасап жатышат. Тазалоо иштеринде алгач үстүңкү кыртыш алынууда, андан соң ал аймак атайы суюктук менен тазаланат, ал жытты кетирет. Мында жалпысынан 8 атайы инженердик техника жана 50 куткаруучу иштеп жатат.

Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамовдун айтуусунда, учак кулагандан күнү абадан жана жерден үлгү алынып текшерүүгө берилген. Анын жыйынтыгы үчүн эки жумадай керектелет.

 Адистердин айтымында, абанын курамы концентрациянын жол берилген чегинен ашпоосу кажет, буга катар күн сайын анын курамы тууралуу маалымат берилип турат. Эртең таңда аба курамынын жыйынтыгы даяр болот.



Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, авиакеросинден ууланып ооруканага жатты деген маалымат тастыкталган жок. Алардын ичинде бейтапканага кайрылган беш баланын баары окуя болгон түнү бир үйдө болуп мешке көмүр жагышканы аныкталган. Үйдүн тургундары дарыгерлерге 23-январда түшкү саат 1лерде кайрылышкан. №3 ооруканага түшкөн балдарга көмүртек кычкылына ууланды деген диагноз коюлган.

 Белгилүү болгондой шаардык балдар клиникасына ууланды деп түшкөндөрдүн баарынын абалы жакшы жана үйлөрүнө чыгарылды. Мындан тышкары Чүй облустук ооруканасына кайрылгандарды текшерүү маалында аиакеросинден уулануу аныкталган эмес. саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, кырсыктан жабыркап медициналык мекемеге кайрылгандардын баарынын абалы канааттандырарлык. Учурда айрымдары сасык тумоодон дарыланышууда.

Ал арада өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен ыктыярчылар жергиликтүү тургундарды өз алдынча айылдан көчүрүүнү уюштурууну каалагандары айтылууда. Бирок багбандар коомчулугу тургундар кетүүгө камынган жок деди.

Айылда болсо кырсык болгон аймакты тазалоо жана жабыкарагандарда жардам көрсөтүү уланууда.