Жаңылыктар
Кыргызстан коррупциянын деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарында
Коррупция
Кыргызстан коррупциянын деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарында

Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча былтыркы жылдын деңгээлинде калды. Бул тууралуу Эл аралык Transparency International уюму дүйнөдөгү жемкорлуктун деңгээли боюнча баяндамасында айтылат.

 Андагы маалыматка караганда Кыргызстан 176 өлкөнүн ичинен 136чы орунда калды. Уюмдун Бишкектеги борборунун жетекчиси Адылбек Шаршенбаевдин билдиришинче, Кыргызстан 26 упай менен коррупциянын деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарынан орун алды. 

Былтыр да Кыргызстанда бул рейтингде 28 упай менен 136чы орунду алган. Шаршенбаев бул рейтингди түзүү үчүн үч булактан тактоо зарыл болсо, Кыргызстанда жети булактан такталганын билдирди. Transparency International уюмунун рейтингинде биринчи орунда Дания жана Жаңы Зеландия турат. Ал эми коррупция жайылган өлкөлөр деп Түштүк Судан менен Сомали эсептелинет.