Жаңылыктар
Жедигер Саалаев: "Кызым өзүнүн жасаган жорук-жоосундарына өзү жооп бериши керек"
Саясат
Жедигер Саалаев: "Кызым өзүнүн жасаган жорук-жоосундарына өзү жооп бериши керек"

Басма сөзгө баяндама

Жаңы жылдык тыныгуудан кийин "Политклиника" бүгүн жаңы санын чыгарды. Кыйраган учактын ачыкталбай жатканы сырлары деген теманын алдында жарык көрдү.  

Мындай аталган баш макала карама-каршы маалыматтар, депутаттар шектенди, аэропорттон чыккан контрабанда, түрк компаниясы эмне үчүн калп сүйлөшү мүмкүн? Логикага таянсак, эл аралык комиссияга  ишенбегендер дагы бар, түрк авиакомпаниясынын таржымалындагы тактар деген майда темаларга бөлүнүп жазылды.

Бишкек шаарынын сыртындагы 39 адамдын өмүрүн алган учактын кыйрашынын себептери толук иликтенип бүтө элек болсо да  буга чейин айтылып кеткен ар түрдүү  билдирүүлөрдү талдап анын түйүнүн чечүүгө  аракет кылдык,- дейт бул басылма..

Кызымдын тагдырына кабатырланам. Кудай баарыбыздын балабызга ыйман берсин деп гезиттин суроолоруна Конституциялык Палатанын судьясы Жедигер Саалаев жооп берген. Анда Саалаев кызынын социалдык тармактагы жеке баракчасына жазгандары менен таанышпаганын, кызынын билдирүүлөрүн элден укканын бирок бул билдирүүлөрдү кызы жазганына ишенбей турганын, талкууга алынып жаткан билдирүүсүнө эч кандай баа бере албасын, бир гана нерсени 2016-жылдын июнь айында кинотеатрда бир кыз менен орун талашып, чатак чыккан окуядан кийин кызы психолигиялык жактан катуу трамва алганын, айрымдары ошол учурда судьянын кызы болсо эле ушинте берсе болобу деп өзүнө чабуул жасашканын , баарына жек көрүнүп калды деген таризде  ошол шоктон кызы али чыга электигин, аларды ошол кезде кепке сөзгө келтирип элдештирип койгондугу үчүн кызы таарынып үйүнөн бөлүнүп өзүнчө квартирага чыгып кеткенин, кийин чет өлкөгө кетип калганын билдирген.

Ошондо элдештирбей эле жайына койгондо окуяга кызымдын күнөөсү жок экендиги далилденет беле деген Салаев ушул тапта кызы блокко коюп сүйлөшпөй жатканы ар бир адамдын баласы бар экенин  айтып балдардын көкүрөгүнө ыйман берсин деп, кудай талаа мындай кырдаалды эч кимдин башына салбасын балакатка жеткен жаран болгондон кийин өзүнүн жасаган жорук жосундарына өзү жооп бериши керектигин белгилеген.

Саясаттан тажаганда деген рубриканы ачкан "Политклиника" ЖКтин депутаты Мирлан Жээнчороев менен жеке турмушу туурасында маектешкен. Депутаттын маеги “Алгачкы махабатыма жеттим” деп аталат. Ошондой бул сандан журналист Султан Жумагуловдун  “Кыргыз жана кийит” деген макаласын окуй аласыздар.Султан Жумагулов кедей кыргыздар кантип кийитке миллиарддарды коротуп, коңшулардын экономикасын көтөрүп жатканы тууралуу баяндаган. Өзүбүзгө башка көз менен карайлы.Мисалы мигранттарыбыз азап менен таап салган акчаларды эмнеге кийилбеген кийиттерге же желбей жугундуга төгүлгөн тамакка коротошубуз керек деген маанилүү  суроого  көңүл бурууга чакырат. Буга карата жазылган көз карашты турмушта болгон окуялар менен байланыштырган бул макаланын пайдалуу жагы оголе көп экен Көз жүгүртүп өтсөңүз. Эми "Азия Ньюсту" барактайлы.

Тамаша ордуна деген "Азия Ньюс" алгачкы бетине Динара Исаеванын “Мыктыбек  байкем президент болсо жыргайбыз деп сүйлөткөн сүрөтүн коюп жаңы санын басты. Ушул эле жерде күздөгү президенттик шайлоодо Мыктыбек Абдылдаев менен Темир Сариев тирешеби деген чакан макаланы жайгаштырган. Бул сандан атанын кызы деп Эсептөө Палатасынын мурдагы жетекчиси Элмира Ибраимова туурасында жазылган “Көздүү мончок жерде калбайт” деген макаланы, Бишкек баатырдын эстелигин тез арада тургузушубуз зарыл деген ЖКтин депутаты Бакирдин Субанбековдун билдирүүлөрүн, “мен түрмөдөн Сталиндин, Ли Куан Юнун, Нельсон Манделанын  өмүр баяндарын окуп, адилеттүүлүктүн терең маанисин түшүндүм деген аталышта “Ата Журт” мекенчил партиясынын тең-төрагасы Ахматбек Келдибековдун көлөмдүү маегин , Калык Иманкулов менен мамилем жок, Камчы Көлбаев менен сыйлашкан жгиттерденбиз деген аталышта орун алган ЖКнын депутаты Узарбек Жылкыбаевдин маегин, Кувейттиктер Кыргызстанга келип, операция жасатмай болушту деген академик Сабырбек Жумабековдун чакан маегин окуй аласыздар. 

Ошондой эле бүгүнкү кыргыз тилдүү басылмалар мамлекеттик тил комиссиясынын мурдагы жетекчиси, экс-депутат, акын, драматург жана журналист Эгемеберди Эрматовду эскерген макаларына орун бергенин белгилей кетели. Мени менен кой, антип тирешпегин, абийир алып келбейт эч илешкениң, өлүп кетсем кокустан билип койгун. Кырчылдаган кадимки күрөштөмүн деп жазган акындын ырларын басып бүгүн "Азия Ньюс" да эскерди. Ушул жерден Эгемберди Эрматовдун айрым эсселери менен да тааныша алсыз.

Таалайгүл Сыдыкбекова, Биринчи радио