Жаңылыктар
Соттук экспертизалардын борборунун жаңы имараты расмий ишке берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Соттук экспертизалардын борборунун жаңы имараты расмий ишке берилди

Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун жаңы имараты расмий ишке берилди. Ачылыш аземге Вице-премьер-министр Олег Панкратов, Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни жана бир катар уюмдардын өкүлдөрү менен сот тармагынын кызматкерлери  катышышты. Иш-чарада Кыргызстанда соттук –эксперттик ишти өркүндөтүү өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиленди.

Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жаңы имараттуу болду. Буга чейин борбор мындан 70 жыл мурда салынып,  эскилиги жеткен имаратта жайгашып келген. Мамлекеттик борборду реконструкциялоого Америка өкмөтү 48 млн сом, ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы 2 млндон ашуун доллар суммасында көмөк көрсөткөн. Ачылыш аземге катышкан Вице-премьер-министр Олег Панкратов, соттук-эксперттик ишти жаңылоо бүгүнкү күндөгү өкмөттүн укук коргоо органдарында жүргүзүлгөн реформанын артыкчылыктуу багыттарынын бири-экенине токтолду:

Мамлекеттик соттук экспертиза борбору укук жана сот органдарынан көз каранды эмес атайын мекеме болуп саналат. Андыктан бул аракетти соттук-эксперттик кызматты күчөтүүнүн алгачкы кадамы катары кароого болот. Жакынкы аралыкта имаратты жаңы атайын жабдуулар менен камсыздоо иштери уланат. Өз кезегинде Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни көрсөтүлүп жаткан жардам келечекте соттук-эксперттик лабораториялардын эл аралык каттоодон өтүүсүнө жардам берерине ишеним артарын билдирди:

Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформа сот-эксперттик ишти жакшыртууга, экспертизаларды жүргузүү мөөнөтүн кыскартууга, коплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жардам бермекчи. Бул аракеттер жарандардын жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого жардам берет. Эксперт Борон Жаанбаев эми адистерди заманбап жабдуулар менен камсыздоо керектигин айтат:

Ошентип Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жаңы имараттуу болуп, соттук-эксперттик кызматты күчөтүүнүн алгачкы кадамы жасалды. Эске салсак, өлкодөгү эксперттик ишти өнүктүрүү жана жакшыртуу, ошондой эле адис-эксперттерди бир органда топтоо максатында 1963-жылы  жайында сот экспертизаларынын бирдиктүү илимий-изилдөө лабораториясы түзүлгөн. Ал кийин 1999-жылы Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору болуп кайра уюштурулган.

  М.Абдраманова, Биринчи радио