Жаңылыктар
Авиакырсыктан келтирилген зыяндын болжолдуу көлөмү 186 миллион сомго жетет
Кырсык
Авиакырсыктан келтирилген зыяндын болжолдуу көлөмү 186 миллион сомго жетет

Авиакырсыктан келтирилген зыяндын болжолдуу көлөмү 186 млн сомду чамалайт. Бул туурасында бүгүн өкмөттүк жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында бүгүнкү күндө 26 үйгө такыр жашаганга мүмкүн эмес деген бүтүп чыкты. 

Ушул күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, экологиялык жана техникалык инспекциянын кызматкерлери кесепеттерди жоюу, төгүлгөн авиакеросиндин калдыктарынан арылтуу аракеттерин жасап жатышат. 

Тазалоо иштеринде алгач үстүңкү кыртыш алынууда, андан соң ал аймак атайы суюктук менен тазаланат, ал жытты кетирет. 

Мында жалпысынан 8 атайын инженердик техника жана 50 куткаруучу иштеп жатат. Министрдин айтымында учурда кырсык болгон аймактан учактын баардык тетиктери чыгарылды.