Жаңылыктар
Трамп 7 өлкөнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө тыюу салган жарлыкка кол койду
Дүйнө
Трамп 7 өлкөнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө тыюу салган жарлыкка кол койду

АКШнын  президенти  Дональд Трамп  кызматка  киришкен  алгачкы күндөн  тартып  бир катар жарлыктарга кол койду.  Анын ичинен  дүйнө  элинин  көпчүлүгүнүн  талкуусуна түшкөнү  бул- мамлекеттик чек аранын  коопсуздугун сактоо багытындагы Мексика менен  АКШнын ортосуна   салына турган дубалдын  курулуш иштери, мындан сырткары,  Сирия, Ирак, Иран, Ливия, Сомали жана Йемен өңдүү  Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү жана Африканын бир катар мамлекеттеринин жарандарын  Американын  аймагына кирүүсүнө  тыюу  салуу, аларга виза берүүнү  токтотуу  жарлыктары болууда. 

АКШнын 45-президенти  Дональд Трамп  буга чейин президенттик тактыга  ат салышып жатып да, эл алдында  сүйлөгөн сөзүндө  азыркы кол коюлган жарлыктары келечекте ишке ашарын  ачык айткан болчу.  АКШда  президенттик шайлоо  8-ноябрда өтүп, жаңы шайланган президент Дональд Трамптын  инагуруациясы  2017-жылдын 20-январына белгиленген.

 Рейтерстин  маалыматында, АКШ менен Мексиканын ортосуна курула турган дубалдын курулуш иштери жакынкы айларда  башталат жана  ал   Америка  Кошмо Штатынын бюджетинен каржыланат. Бирок  кеткен каражат 100  пайыз  акырындык  менен   Мексика тарабынан  компенсациялант. Дональд Трамп  муну  президентик  шайлоонун жүрүшүндө да  бир нече жолу  кайталаган.

Маалыматтарга караганда, учурда Трамп дубалдын курулуш иштерин каржылоо механизми  боюнча  Когресс менен кеңешип,   фонддо бар  каражатты мүмкүн болушунча эртерек ишке салууга, калганы Конгресс менен  тил табышуу аркылуу альтернативдүү жолдору табуу менен  ишке  ашырылышы мүмкүндүгүн  караштырып жатат. Ал арада  Мексиканын  президенти   Энрике Пенья Ньето өлкө  чек ара  дубалын курууга эч кандай  каражат төлөбөсүн,   ал эми   президент мигранттар которгон каражаттын эркин сакталышына  аракет жасарын  билдирген. 

Дональд Трамп жакында  кол койгон  жарлыктарынын  дагы бири бул 7 өлкөнүн жарандарынын АКШнын аймагына  кирүүсүнө тыюу салуу. Тактап айтканда,   Жакынкы чыгыш жана Африканын бир катар  өлкөлөрүнүн  жарандары менен качкындарды  Кошмо Штаттын  аймагына  киргизбөө үчүн  аларга виза берүү  иштеринин  токтотулушу боюнча  чек ара кызматтарына  тапшырма берди. Деген менен АКШнын жаңы шайланган президентинин  айрым билдирүүлөрү мезгилдин өтүшү менен  өзгөрүүгө дуушар болушу мүмкүн. Деп  оюн улаган социалдык  технологияларды изилдөө борборунун  эксперти  Кайрат Жамангулов, Америкада калктын  өзөгүн  эмигранттар  түзөт жана ал жакта мыйзамды  кабыл алуу  процесстери өтө  оор  тартипте өтөрүнө токтолот.