Бүгүн, Алмазбек Атамбаев Дача СУ конушунда авиакырсыктан каза болгондордун жакындары менен жолукту.
Эске салсак, 16-январда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ конушуна "Боинг 747" учагы кулап, 20дан ашык турак-үй талкаланып, экипаждын мүчөлөрүн кошкондо жалпы 39 адам каза болгон.
Алардын арасында 2 үй-бүлө толугу менен учак кырсыгынын курмандыктары болушса, калгандары наристелеринен, бир туугандарынан айрылышкан.
Учурда авиакырсыктын себептери Эл аралык комиссиянын текшерүүсүндө жүрүп жатат.
Сүрөт: Султан Досалиев