Жаңылыктар
Кыргызстан-Кытай: дипломатиялык мамилеге чейрек кылым болду
Саясат
Кыргызстан-Кытай: дипломатиялык мамилеге чейрек кылым болду

Достук мамиле кылымдардан бери келе жатат. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин мамилелердин жаңы доору башталып, ал жыл сайын бекемделип жатат. Мындай мамлелини ишке ашырууда жүздөн ашык расмий документтерге кол коюшкан. Ар тармактуу жана түрдүү деңээлдеги кызматташтыктын механизмдери түзүлгөн.

Кыргызстан менен Кытайдын дипломатиялык мамилелери 1992-жылдын 5-январында башталган. Ошондон тарта стратегиялык өнөктөштөр достук мамилелерин чыңдап, кошуналык, экономикалык, маданий гуманитардык кызматташтык бекемделүүдө. Эки мамлекет элдеринин кызыкчылыктарын коргоодо бири бирин колдоп келишүүдө. Бүгүнкү күндө өлкөлөр мамиленин жаңы деңгээлине - стратегиялык өнөктөштүккө чыкты. Кыргызстан үчүн Кытайдын мааниси өзгөчө.