Жаңылыктар
Авиакырсык: акча чогултуу уланууда
Кырсык
Авиакырсык: акча чогултуу уланууда

Авиакырсыктан жабыркагандарды колдоо үчүн түзүлгөн бирдиктүү эсепке 33 миллион сомдон ашык акча түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан эсепке каражат топтоо уланууда. Башка коомдук уюмдар да жабыркагандарга жардам берип жатышат. Улуттук кызыл ай коомунун учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачкан атайын эсебине 2 миллион сом чогулду. Коомдун президенти Азамат Баялинов билдиргендей, өлкөдөгү банктардын бири, америка соода палатасы Жардам берүү жеңил коомдук фонду чогултууда.
Жардам акча чогултуу уланууда. Кыргызстандагы дунгандар ассоциациясы өлкөдө жашаган дунгандардын баары менен жолугушууларды өткөрүп, учак кырсыгынан жабыркагандарга жана каргашадан жакындарын жоготкондорго жардам көрсөтүүдө. Кырсык болгон алгачкы күндөн тарта ассоциация жылуу тамак уюштуруп, жардам акча кабыл алуу пунктарын ачкан. 

Жыйынтыгында өлкө аймагындагы ар кайсы айылдардан 142 миң жыйналды. Каражат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине которулат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан эсепке түшкөн каражаттын көлөмү 32 миллион сомго жакындады. Акча которуу уланууда. Каалоочулар атайын эсепке сом, доллар, теңге, евро, рубль, юань жана башка каражаттарды которсо болот. Министр Кубатбек Бороновдун айтуусунда, эсеп дагы бир айдай ачык турат. Атайын комиссиянын чечими менен жабыркагандарга каражат бөлүштүрүлөт.
Ал эми казынага чогулган материалдык жардам, тамак-аш, кийим-кечелер социалдык коргоо министрлиги менен биргеликте жабыркагандарга таратылат.