Жаңылыктар
ЖК: социалдык маселелер талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК: социалдык маселелер талкууланды

Быйыл билим берүү жана илим министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу менен жалпысынан 209 бала бакча мамлекетке кайтарылды. Азыр алардын жүз он тогузу иштеп жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Мындан сырткары, жыйында саламаттыкты сактоо жана маданият тармактарындагы көйгөйлүү маселелер каралды.

Билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо тармагындагы маанилүү маселелер каралган жыйынга вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар менчикке берилип кеткен мамлекеттин мүлкүн кайра кайтарып алуу аракетин жандандыруу, ага күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана мамлекеттин карамагындагы мүлктү пайдалануу боюнча суроолоруна жооп алышты.
Пленардык жыйындын жыйынтыгында, укук коргоо органдарына саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт тармактарындагы көйгөйлөрдү жөнгө салуу тапшырмалары берилди.