Жаңылыктар
Кыргызстан 15-майдан тартып толугу менен санариптик берүүгө өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан 15-майдан тартып толугу менен санариптик берүүгө өтөт

Кыргызстан 15-майдан тартып толугу менен санариптик берүүгө өтөт. Өкмөт учурда калктын 95 пайызы санариптик берүү менен камсыз болгонун айтууда. Ал эми калган беш пайызында же, 326 айылдын тургундары азырынча аналогдук гана берүүлөрдү көрө алышат. Мындан улам, мына ушул айылдарда аналогдук көрсөтүү азырынча өчүрүлбөй турган болду.

Алай районунун тургуну Жаныбек Абдыкадыров, коомдо болуп жаткан жаңылыктардан толук кабарым жок дейт. Айтымында, тоолуу Күң-Элек айылында КТРКдан башка телеканал тартпайт, тартса да тунук көрсөтпөйт. Мындан улам, бул айылдагылар китепканага келе турган гезит-журналдардын жаңы санын күтүүгө туура келет.
Кыргызстандын калкынын беш пайызы же, 326 айылдын жашоочуларына азырынча санариптик көрсөтүү жеткириле элек. Анткени, географиялык шарты татаал, тоолуу аймактардагы чакан айылдын жашоочулары үчүн баасы бир миллион сомдук жыштык тарата турган жабдыкты орнотуу оор болууда. Ошондуктан бул айылдарда аналогду 15 майда да өчпөйт.
Айрым сурамжылоолорго караганда, калктын 87%ы маалымат алуунун эң башкы булагы катары телевидениени эсептейт, ал эми 86%ы болсо, аны ишенимдүү булак деп ынанышкан. Мындан улам өкмөт маалыматтык коопсуздук жаатында телекөрсөтүү тармагына орчундуу көңүл бурууда.