Жаңылыктар
«Дордой» базарында контейнерлердин үчтөн бири жабылды
Экономика
«Дордой» базарында контейнерлердин үчтөн бири жабылды

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов коллегиялык жыйында билдирди. Маалыматка ылайык аталган базардагы 18 миң контейнердин 6 миңи жабылган. 

Ал арада базардын профсоюзу муну учурдагы сооданын жоктугу менен ишкерлердин суукта эс алуулары менен түшүндүрүүдө. 

Экономист Нурадил Раимбеков, мындай ири соода базарында контейнерлердин жабылышын Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу менен байланыштуу-деген пикирди карманат. 

Анын баамында азыр акырындык менен биримдиктин шарттарына жараша реформалар жүрүүдө. Андыктан ишкерлер башка секторлорго ыңгайлашып жатат. Бул кадимки эле көрүнүш болгондуктан кооптонууга негиз жок-дейт эксперт.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"