Жаңылыктар
Кол жазмалар фондунун онлайн режиминдеги каталогу иштелип чыкты
Билим
Кол жазмалар фондунун онлайн режиминдеги каталогу иштелип чыкты

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунун онлайн режиминдеги каталогу иштелип чыгып, сайтка коюлду. Аны “Сорос–Кыргызстан” фонду каржылап, “Биздин мурас”коомдук  фонду жүзөгө ашырган.  Бул сейрек кездешүүчү маалыматтарды сайттан окуп, талкууга алгандар пайда болгону айтылды. 

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунун электрондук түрдө сайтка коюлушу  сонун болду. Мен 1980-жылдары адабият фондунан маалымат алуу үчүн бир нече ай убара болгонум эсимде дейт, адабиятчы окумуштуу Рахима Сыдыкова.

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фонду Орто Азиядагы  бирден-бир уникалдуу интеллектуалдык казына. Муна заманбап технологияда эл кызматына берилиши ийги көрүнүш экенин  күбө болгондор  белгилешти.   


Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"