Жаңылыктар
Президенттик шайлоого карата аракеттер башталды
Саясат
Президенттик шайлоого карата аракеттер башталды

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн саясий күчтөрдүн бирикмесин түзүүнү сунуштады. Ал айрым аймактарда жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоолордо мыйзам бузуулар болгонун, БШК ага көз жумуп жатканын белгилеп, мындан ары андай көрүнүштөргө жол берббөө зарылчылыгын айтууда. Мыйзам бузуу Бишкек шаарынын мэрин шайлоодо да орун алганын билдирет. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы бул айтылгандарды четке кагууда.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын өкүлдөрү БШКнын эки жолку чечимине нааразычылыгын билдирип келүүдө. Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоодогу талаштуу маселеге жана Бишкектин мэрин тандоодогу абалды кайрадан эске салып жатышат. Партия лидери Бакыт Төрөбаев Албек Ибраимов алган депутаттардын добушунун жетөө жараксыз экенин, Борбордук шайлоо комиссиясы ага көңүл бурбаганын айтууда. Ошондой эле добуш берүү учурунда мэриянын алдында өткөн митингди шайлоого басым деп эсептейт.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Өнүгүү-Прогресс” тарабынан келтирилген бул жүйөөлөрдү жокко чыгарган эле. Аталган партиянын атынан мэрликке талапкер Нурдин Абдылдаевдин арызын сот да канааттандырган эмес. Төрөбаевдин Жалал-Абад шаарындагы шайлоого байланыштуу да нааразычылыгы басыла элек. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого саналуу күндөр калганда аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесинде гендердик баланс сакталган эмес деген жүйөө менен Социал-демократтар партиясын саясий жараяндан четтеткен эле. Бирок, аны БШК жокко чыгарып, партияны жаңыланган тизме менен шайлоого катышуусуна уруксаат берген. Төрөбаев бул боюнча чечим кабыл алууда да мыйзамдын талаптары сакталбаганын белгилейт.

Бакыт Төрөбаев быйылкы жылы боло турган президенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн бирикме түзүүнү сунуштоодо. Ал муну өзү айткан мыйзам бузууларга жол бербөө керектиги менен байланыштырат. Бирок, талдоочулар анын мындай демилгесин шайлоо алдындагы өнөктөш издөө кадамы катары баалады. Себеби Төрөбаев биригүүлөр болушу мүмкүн экенин өзү да жашырган жок. Ал 10-февралда партиянын жыйыны өтөөрүн, ага башка күчтөр да катышып, президенттикке талапкерлиги боюнча билдирүү жасалаарын айтты.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"