Жаңылыктар
Айдоо жерлерди туура пайдаланбагандарга жаза пул өлчөмү жогорулатылат
Кыргызстан жаңылыктары
Айдоо жерлерди туура пайдаланбагандарга жаза пул өлчөмү жогорулатылат

Жогорку Кенештин жыйынында "КР Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 2-окууда каралып, талкуусуз добуш берүүгө жиберилди. Аталган мыйзам долбоордун максаты — экологиялык жана техникалык коопсуздук жаатындагы мыйзам бузуулардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган. 

Жайыттарды пайдалануу режимин бузгандарга, айдоо жерлерин багыты боюнча пайдаланбагандарга айып пул өлчөмү жогорулайт. Айыл чарба жерлерин отоо чөптөргө бастырып, жайыттар жана айдоо жерлер туура пайдаланылбай, суу чарба курулуштары, жасалгалары зыянга учурап жана аларды пайдалануу эрежелери бузулган мисалдар акыркы жылдары орун алып келет.  Жаза пул санкцияларынын өлчөмдөрү 2001-жылдан бери өзгөрүлбөгөндүгүнүн натыйжасында азыркы учурда мыйзамдар менен белгиленген ченемдерди сактоого караганда мыйзам бузуучуларга дайыма жазапулдарды төлөп кутулуу жеңил болуп, күнөөлүүлөрдү реалдуу жоопкерчиликтен куткаруучу практика орун алып келгенин мурунку айыл чарба министри Карыпбек Асанов эске салат. 

Республикабызда эки миллионго жакын айыл чарба багытындагы жер аянты бар. Демек, бул жалпы өлкө аянтынын беш пайызын түзөт. Ошондуктан жерди туура жана натыйжалуу пайдалануу учур талабы дешет аграрчы адистер. 

Кадыр Калилов, “Биринчи радио”