Жаңылыктар
Апрель соту боюнча кесилгендер эркиндикке чыкпашы керек
Саясат
Апрель соту боюнча кесилгендер эркиндикке чыкпашы керек

Апрель соту боюнча кесилгендер мунапыска илинип, эркиндикке чыкпашы керек. Бул тууралуу 26-январда Бишкектеги Жогорку соттун имаратынын алдында өткөн митингте айтылды. "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмеси, АКОС коомдук бирикме менен биргеликте "сатылма сотторго" каршы митинг уюштурган. Нааразы тарап апрел соту боюнча кесилгендер мунапыска илинип, эркиндикке чыкпоосун, райондук соттордогу коррупциялык иштерге бөгөт коюп, адилетсиз сотторду кызматтан алуу жана укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши каралбашы керек деген талаптар менен чыккан. Акциянын катышуучулары Жогорку Соттун өкүлдөрү менен жолугуп, жакын арада тегерек отурум уюштуруп талкуу уюштуруу чечимине келип тарашты. 

Эске сала кетсек, Ысык-Көл облусунда келинди баласынын көзүнчө зордуктаган жарандын 4 жылга гана эркинен ажыратылып, жеңил жазаланышына каршы кол топтоо башталган эле. Анда коомдук активист Кайрат Бекмамбетов соттордун адилетсиз чечим чыгарганына, жемкорчулар карапайым элдин укугун коргобой жаткандыгына каршы турууга коомчулукту чакырып, петиция дардап жатканын билдирген. Ал эми Жогорку сотко койгон талаптар аткарылбаса “Айкөл Ала-Тоо” бирикмеси акцияларды дагы улантарын билдирүүдө.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"