Жаңылыктар
Спортчуларыбыз Россияда боло турган эл аралык турнирге катышат
Спорт
Спортчуларыбыз Россияда боло турган эл аралык турнирге катышат

Кыргызстандын 11 спортчусу Россияда өтө турган «Иван Ярыгин-2017» аттуу эркин күрөш боюнча эл аралык турнирге катышат. 

Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдирди. 

Турнир 27-29-январда Красноярскиде эркектер жана айымдар арасында болот. 

Турнирге 17 өлкөдөн спортчулар келип, 16 комплекттен турган медалдар үчүн таймашат. 

Федерация турнирде 58 кг салмакка чейинки категорияда жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу Айсулуу Тыныбекова таймашаарын белгиледи.