Жаңылыктар
Дача Суга кулаган учактагы жүктүн бир аз бөлүгү Бишкекке келмек
Кырсык
Дача Суга кулаган учактагы жүктүн бир аз бөлүгү Бишкекке келмек

16-январда Дача Су конушуна кулаган учактагы жүктүн бир аз бөлүгү Бишкекке келмек. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети таратты.

“Манас” аэропортунун жанындагы кулаган учактагы жүк боюнча иликтөө башталган. Анын алгачкы жыйынтыгы боюнча кулаган Boeing учагында 76 тоннага жакын ашуун тиричилик техникасы, мобилдик телефондор жана башка электрондук жабдыктар сыяктуу жүк болгон. Алардын арасынан 1 миң 902 килограмм “электрозажигалкаларды” «JTI Kazakhstan LLC» компаниясынын буюртмасы менен Бишкекке алып келе жаткан. Бул компанияга логистикалык кызматты эл аралык «Globalink Logistics Group» аттуу транспорттук-экспедитордук ишканасы аткарып келген. 

Жүк алгач Стамбулга жеткирилип, андан соң «Стамбул - Бишкек» багытындагы ТК 6528 каттам менен Бишкекке жөнөтүлмөк. Жүктүн калган бөлүгү Түркия жана башка өлкөлөргө багытталган. Учак “Манас” аэропортуна экипажды алмаштыруу үчүн конгон. Кулаган учак 2016 - 2017-жылдар аралыгында «Гонконг - Бишкек - Стамбул» багыты боюнча 49 жолу каттам аткарган. Бул «Кыргызаэронавигация» мекемесинин маалыматында дагы айтылат. Аталган каттам "Р" формасы аркылуу жасалгандыктан товарлар "Манас" аэропортунан түшүрүлүп же, жүктөөгө коммерциялык укук берилген эмес.