Жаңылыктар
ЖК: менчиктештирилген обьектилер мамлекетке кайтарылышы керек
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК: менчиктештирилген обьектилер мамлекетке кайтарылышы керек

Мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык обьектилерди кайра мамлекетке өткөрүүдө жетиштүү иштер аткарылбай жатат. Бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланып, өкмөттүн иши сынга кабылды. Эл өкүлдөрү менчиктештирилип кеткен бала бакча, саламаттык сактоо жайларына өзгөчө токтолушту. Мыйзамсыз менчиктештирилген имараттарды кайтарып алуу маселеси саламаттык сактоо, билим берүү, маданият тармактарындагы көйгөйлөрдү талкуулаган жыйында көтөрүлдү. Депутат Сайдулла Нышанов мыйзамсыз менчиктештирүүлөр бүгүнкү күндө да уланып жатканын белгилейт. 

Мындан сырткары медициналык мекемелерге таандык мыйзамсыз менчиктештирилген 61 жер тилкесинин 17си кайра алынган. Жалпы аянты 1 гектар 18 сотыхты түзөт. Мыйзамсыз менчиктештирүүлөр бала бакчаларда да болуп келген. 209 бала бакча мамлекетке кайтарылып, алардын 119 өз багытында иштей баштады.   Социалдык жайлардын менчиктештирилишинин мыйзамдуулугун иликтөө үчүн 2013-жылы депутаттык комиссия түзүлгөн. Эл өкүлдөрү тиешелүү мекемелерге обьектилерди мамлекетке кайтарып алуу багытында иш алып барууну тапшырган эле. Андан берки жасалган аракеттер жетишсиз деп бааланды.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"