Жаңылыктар
Учак кырсыгынан каза болгон төртүнчү учкучтун ким экендиги аныкталды
Кырсык
Учак кырсыгынан каза болгон төртүнчү учкучтун ким экендиги аныкталды

Дача айылына кулаган учак кырсыгынан каза болгон түркиялык төртүнчү учкучтун ким экендиги аныкталды. 

Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлады. 

Учкуч болушу мүмкүн деп шектелип жаткан денеден алынган үлгүсү анын ким экендигин аныктоо үчүн Түркияга анализ кылуу үчүн жиберилген. 

Сөөктөн алынган ДНК-анализ лайнердин төртүнчү учкучуна таандык деген кабар келип, анын сөөгү түндөп Түркияга жөнөтүлдү. 

Буга чейин каза болгон үч учкучтун сөөгү алардын мекенине жеткирилген.