Жаңылыктар
Сузак районунда жер көчкү жүрүп, эки турак үйдү толугу менен басып калды
Кырсык
Сузак районунда жер көчкү жүрүп, эки турак үйдү толугу менен басып калды

Кечээ Жалал-Абад облусунун Сузак районунда көчкү жүрүп, эки турак үйдү толугу менен басып калып, дагы эки үйгө жакындаган. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Осмон Уламсадыров билдирди. 

Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес. Жашоочулар качып үлгүрүшкөн. Көчкү астында мал жандыктарынан калган. 

Сары-Булак айылында кечээ кечке жуук, саат төрттөр чамасында түшкөн көчкүнүн көлөмү 65 миң куб метр. Адистердин айтымында аймакта буга чейин көчкү жүрүү ыктымалы байкалган эмес. 

Кырсыктан баш паанексиз калган жарандар учурда жакындарынын үйлөрүнө жайгаштырылган. Жеринде өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери иш алып барууда.