Жаңылыктар
Дача СУдагы учактын майы төгүлгөн жерлер тазаланууда
Кырсык
Дача СУдагы учактын майы төгүлгөн жерлер тазаланууда

Дача СУ конушундагы кулаган учактын майы төгүлгөн жерлер тазаланып, кум аралаш таш себилүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди. 

Айылдын 9-көчөсүндө авиакеросин төгүлгөн жердин сырткы катмары атайын техника менен тазаланып, андан соң кум жана майда таштар себилди. 

Учактын сыныктары толугу менен тазаланган. Тазалоо жумушунда 64 куткаруучу жана 13 атайын инженердик техника иштеп жатат. 

Буга чейин ӨКМ кулаган учактын майынын көбү күйүп кеткенин, калган 100 литрдей авиакеросин атайын эреже боюнча куюп алынганын билдирген.