Жаңылыктар
Бишкекте Ленинград блокадасынын 73 жылдыгы эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте Ленинград блокадасынын 73 жылдыгы эскерилди

Бишкекте Ленинград блокадасынын 73 жылдыгы эскерилди. Митинг реквиемге коомдук ишмерлер, согуш ардагерлери, орус элчиси жана калаа жетекчилиги катышты.

Ленинград блокадасы - жалпы адамзат тарыхындагы эң трагедиялуу гана эмес, адамдардын чыдамы менен эрдигине баа бере турган окуя.

Фашисттик курчоодо калган шаарды бошотууда 4 миңден ашык Кыргызстандык курман болгон. 

Бишкекте Токтогон апанын образы түшүрүлгөн эстелик тургузулган. Анда мээримдүү апа жер которуп келген баланы кучактаганын көрсө болот. Дал ошол сейил бакта Ленинград блокадасына байланыштуу иш-чара өттү.

Курчоодо калган Ленинграддан 16 миңден ашуун адам Кыргызстанга көчүрүлгөн. Алардын арасында 3 жарым миң бала болгон. Аларды багып алган Токтогон апа да эскерилди.

Ленинград 1941-жылдын сентябрь айынан тартып фронт-шаарга айланган. Гитлердик аскерлерге калааны жер менен жексен кылуу буйругу берилген. Блокада 1944-жылдын 27-январында cовет жоокерлери тарабынан талкаланган.

872 күнгө созулган Ленинград блокада учурунда шаарга 150 миңдей снаряд, 107 миңден ашуун күйүүчү жана фугастык авиабомба түшкөн, шаарды аткылоодон, бомбалоодон жана ачкачылыктан 642 миңден ашуун адам өлгөн.